• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Малайзиянын вице-премьери Фадилла Юсоф менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Малайзияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Малайзиянын вице-премьер-министри Фадилла Юсоф менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар мамилелердин азыркы деңгээлине канааттангандыктарын билдиришти жана жакынкы келечекте эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы байланыштардын интенсивдүүлүгүн кеңейтүүнү макулдашышты.

Эдил Байсалов малайзиялык кесиптешине Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн бул өзгөртүүлөрдүн маанисин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, маданий алмашуу, туризм жана соода тармактарындагы кызматташуу маселелери да талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого көмөк болгон, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий