• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Корумду – Балбай жолунун курулуш иштеринин башталышы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесин реконструкциялоонун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн биз бул жолдун курулушун баштайбыз. Президенттин алгачкы тапшырмаларынын бири Ысык-Көлдү айланып өтүүчү эл аралык стандартка жооп берген жолдун курулушу болду. Бул жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөт. Бул каражаттарды бизге өнөктөштөрүбүз: Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан биздин өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Анын ичинен 1,1 млрд сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөн», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы оң экономикалык жыйынтыктарды белгилеп, экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров жол куруу долбоору өлкөбүздөгү стратегиялык долбоорлордун бири экенин, ошондуктан курулуш иштерин бекитилген графиктен кечикпей, өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Жолдун участогунун узундугу 79,3 км.

Долбоордун алкагында:

  • 4 тилкелүү жол,
  • тротуарлар,
  • узундугу 79 697 м болгон веложол,
  • аялдамалар,
  • 14 көпүрө жана 877 суу өткөргүчтөр сыяктуу жасалма курулуштарды куруу, анын ичинде 2 жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк, 3 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө куруу каралган.

Курулуш учурунда атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарууну жок кылуу максатында пилоттук жана эксперименталдык долбоор катары электр самосвалдары колдонулат.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчы – Барскоон – Каракол унаа жолунун тилкесиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Долбоорду 2025-жылы аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий