• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Salyk.kg мобилдик тиркемеси 34 миңден ашык жолу жүктөлгөн

Экономика 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууга берилгенден тартып 34 миңден ашык колдонуучу жүктөгөн, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы.

Анын ичинен тиркемени 22 миңден ашык колдонуучу Android жана 12 миңден ашыгы iOS операциялык системалардын башкаруусунда иштеген мобилдик түзүлүштөргө жүктөшкөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында салык кызматы Cabinet.salyk.kg`деги "жеке кабинеттин" мобилдик версиясы Salyk.kg тиркемесин ишке киргизген.

Колдонуучулар тиркемеге "жеке кабинеттин" веб-версиясында колдонулган логин жана сыр сөз менен же бирдиктүү идентификация системасы (БИС) аркылуу кире алышат.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар төмөнкү кызматтарды онлайн режиминде колдоно алышат:

  • салыктарды төлөө;
  • электрондук патентти жана камсыздандыруу төгүмдөрүн каттоо;
  • электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөө;
  • карызды же ашыкча төлөөнү текшерүү;
  • салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшыруу;
  • салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талаптарды жиберүү;
  • катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу;
  • Салык кызматынан билдирүү алуу.

Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий