• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы жыл башынан тартып 259 миңден ашык электрондук патент берди

Экономика 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2021-жылдын башынан тартып азыркы учурга чейин 609,1 млн сом суммасында 259 миң 268 электрондук патент берди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Электрондук патент берилип баштагандан бери (2018-жылдын 1-октябрынан баштап) ведомствонун сайты аркылуу онлайн түрүндө бардыгы болуп 1 млрд 30,8 млн сом суммасында 419 миң патент берилген.

Мындан тышкары, 2020-жылдын августунан тартып патент жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилип бир документ менен алуу мүмкүндүгү түзүлгөн. Бул мезгилден тартып суммасы 296 714,5 миң сомдук 390 миң 428 патент жана 316 миң 581 камсыздандыруу полиси берилген.

Бириктирилген документ – патент жана камсыздандыруу полисин эки ыкма менен: салык органына баруу менен кагаз жүзүндө жана Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу электрондук формада алууга болот.

Учурда электрондук патент үчүн төлөмдү ар кандай жолдор менен төлөй аласыз. Эгерде накталай эмес болсо, анда интернет-эквайринг аркылуу Демир банктын, Кыргызкоммерцбанктын жана "Азия" банкынын "Viza" жана "Master Card" карталары, ошондой эле "Элсом", "UMAI" жана "O! Деньги" мобилдик банкингдери аркылуу жүргүзсө болот.

Накталай төлөөдө: "Оптима Банк", "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк", АКБ "Кыргызстан", "БТА банк", "Quickpay Megacom", "NBP", "KICB", “Финка банк”, “Бай түшүм” банк жана Кыргызкоммерцбанктын төлөм терминалдарын колдоно аласыз , ошондой эле “РСК Банк” жана Айыл Банктын” кассалары аркылуу да төлөсө болот.

Пикир

Оставить комментарий