• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекет менен бизнестин ортосунда ишенич болуп, алар экономикада өнөктөш болушу керек – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Мамлекет менен бизнестин ортосунда ишенич болуп, алар экономикада бири-бирине жөлөк, өнөктөш болушу керек. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Премьер-министр билдиргендей, 2019-жылдын 5 айында тышкы соода жүгүртүүдө туруктуу тенденция катталды.

"Жалпы көлөмү 2 млрд 693 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч 2018-жылдын 5 айында 2 млрд 716,4 млн долларды түзсө, азыр 2,6%га аз. Экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 млн долларга өсүп, 728 млн доллар болгон. Ал эми импорттун көлөмү 100 млн долларга азайып, 1,9 млрд долларды түзгөн", - деди өкмөт башчы.

«Ата мекендик өндүрүүчүлөр эл аралык рынокторго ишенимдүүлүк менен чыгып, Кыргызстандын товарларын брендге айландырууда. Биз жаратман ишкер демилгелерди ар тараптуу колдоого алабыз. Кыргыз продукцияларын экспорттоочуларына жардам көрсөтүүгө даярбыз. Инвестициясыз натыйжалуу экономика болбойт, ошондуктан бул – өкмөттүн №1 приоритети. Биз инвестициядан келген ар бир сомдун кошумча наркты түзүшүнө жана анын экономикабызга туура иштешине шарт түзүшүбүз керек. Чет элдик түз инвестициялардын келиши 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча 177 млн долларды түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9%га көбөйдү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 49,1 млрд сомду түзүп 5,5%га өскөн», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өкмөттүн Бизнести өнүктүрүү боюнча стратегиясы бүгүн өзүнүн түшүмүн бере баштады.

«Ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди: 1-жарым жылдыктын ичинде болгону 1 миң 485 текшерүү жүргүзүлгөн . Ишкердик субъекттерди текшерүүлөр 2018-жылга салыштырмалуу 88%га кыскарган. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Жаңы ачылган ишканалар 5 жылга салыктан бошотулду. Бизнес-омбудсмен институту жана мамлкеттик-жеке өнөктөштүк борбору, «Улуттук башкаруу компаниясы» акционердик коому түзүлдү. Эки жылдан бери Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында маанилүү долбоор – эң алдыңкы жабдуу менен жабдылган Бишкектеги гемодиализ борбору ачылды. Мамлекеттик фискалдык органдар, Экономика министрлиги тарабынан мындай преференциялар, жеңилдиктер бизнести өнүктүрүүдө кандай таасир тийгизип жаткандыгы талдоого алынышы керек. Ал, туура бүтүм чыгарып, ишти бизнести мындан ары карай колдоого буруу үчүн керек, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Мамлекет менен бизнестин ортосунда ишенимдүүлүк болуп, экономикада бири-бирине жөлөк, өнөктөш болушу керек. Өкмөт бул багыттагы иштерди күчөтөт. Өткөн жылы КPI системасы киргизилгенден бери мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруу натыйжалуу болду. 1 млрд сомдон ашык дивиденд келип түштү. Бул 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 200 млн сомго көп. Мамлекеттик ишканалардан 202 млн сом пайда түштү (2018 – 190 млн сом). Мисалы: «Айыл банк», «РСК банк», «Кыргызнефтегаз» акционердк коомдорунда өсүш орточо – 170% болду, «Кепилдик фонду», «Мамлекеттик камсыздандыруу», «Мамлекеттик ипотекалык компания» акционердк коомдорунда – өсүш орточо 130%. Мамлекеттик ишканалар – бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу негизги күчтөрдүн бири. Өкмөт алардын рентабилдүүлүгүн, кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча мындан кийин да катуу талаптарды коёт. Экономикага берилген кредиттердин көлөмү 142 млрд сомду түзүп, 2019-жылдын башынан бери 8,3%га көбөйдү. 2018-жылы бул көрсөткүч 130,5 млрд сом болгон. Быйыл «Кепилдик фонду» акционердик коомунун капиталы бюджеттен жана Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен 1 млрд сомго жеткирилди. Бул чара ишкерлердин каражаттарга жетүүсүн жакшыртуу үчүн көрүлдү. Өкмөт ипотекалык насыялардын пайыздык ченин өткөн жылдын 1-ноябрь айынан тартып 7%га түшүргөн. Азыр 6%га чейин түшүрүү боюнча тапшырмалар берилди», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал билдиргендей, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2018-жылдын ушул мезгилине карата 1,3 млрд сомго көбөйүп, 71,9 млрд сомду түздү.

«Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча бюджеттен жарым жылдын ичинде 4,5 млрд сом каражат бөлүндү. Капиталдык салымдар беренеси боюнча жарым жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 1,8 млрд сом бөлүндү. Жалпысынан 86 объектте курулуш иштери болуп жатат. Анын ичинде: мектеп, бала бакча, театр, медициналык мекемелер жана таза суу курулмалары да бар. Жол куруу, оңдоо иштерине жалпысынан 1,5 млрд сом каражат бөлүндү. Анын ичинен бүгүнкү күнгө карата 102 км жолго асфальт төшөлдү. Учурда ирригация тармагына бюджеттен 270 млн. сом, тышкы булактардан 800 млн. сом каралып жатат. Коррупциядан түшкөн каражаттардын эсебинен 800 млн сомго 15 мектеп салынып жатат. Таза суу долбоорлоруна донорлор тараптан 521 млн сом бөлүндү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан биринчи жолу 20 млн сомго каржыланып жатат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий