• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өкмөт 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын карады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн жыйыны өтүп, анда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Экономика министри Санжар Муканбетов белгилегендей, ИДПнын реалдуу өсүш темпи 106,4 %ды түздү. «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП реалдуу туюнтулушта 2,1 %га жогорулады. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыздалды, анын ичинде айыл чарбасында реалдуу өсүш көлөмү 1,7 %га; өнөр жайда – 20,5 %га; курулушта – 5,9 %га; кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 1,4 %га. ИДПнын өсүшүнө негизги салымды өнөр жай сектору кошту. 20,5 % реалдуу өсүш темпи менен анын ИДПга салымы 4,1 п.п. түздү. Бул негизинен Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларда металлды иштеп чыгаруунун жогорулашынын эсебинен болду.

2019-жылдын январь-июнь айларында өнөр жайдагы жыйынтыктар жалпысынан өсүү динамикасын көрсөтөт. Өндүрүштүк ишканалар 127,5 млрд сомго продукция өндүрүшкөн, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм индекси 119,7% түзөт.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2 693,2 млн АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6% азайган. Анын ичинде экспорт – 727,6 млн АКШ долларын түзүп, 3,7% өскөн, импорт – 1 965,6 млн АКШ долларын түзгөн (4,7% кыскарган). Товар айлантуу түзүмүндө экспорт – 27%, импорт – 73%. Алтынды эсепке албаганда, товарлардын экспорту 15,0% азайып, 415,2 млн АКШ долларын түздү.

Өткөн мезгилде айыл чарба продукциясы 59 992,0 млн сомго өндүрүлгөн. 2018-жылдын деңгээлине карата өсүү темпи 101,7 % түзгөн. Анын ичинде мал чарбачылыгында 102,0% (46519,5 млн сом) болсо, өсүмдүк өстүрүү – 101,0 % (10 892,2 млн сом). Айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн өсүүсү мал чарбачылыгынын 2% өсүүсү менен шартталат. Муну менен катар өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө 101% оң өсүш бар. Өткөн жылы бул көрсөткүч төмөн (-1,8 %) болгон.

Координацияланган акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли акча-кредиттик саясаттын максаттуу орто мөөнөттүү болжолунан 5-7%дан төмөн болду. Инфляциянын деңгээли 100,3 % түздү (өткөн жылдын декабрына карата 2019-жылдын июну). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2018-жылдын январь-июнуна карата 2019-жылдын январь-июну) 99,9 % түздү.

Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 2019-жылдын январь-июнунда 71,9 млрд сомду же белгиленген пландык чендин 97,8 %ын түздү, мында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык кирешелери 36 млрд сомду түздү жана пландык көрсөткүчкө 4,5%га жетпей калды.

2019-жылдын январь-майында бир жумушчунун орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 16 миң 20 сомду түздү жана 2018-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,0 %га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өсүшү 4,3 %ды түздү.

2019-жылдын 1-июлуна карата пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 529 сомду түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине карата 3,9 % жогорулаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйындын жүрүшүндө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым өкүлчүлүктөрүнө экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыздоо, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландуу көрсөткүчтөрүн аткаруу жана бардык социалдык милдеттерди аткаруу боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары 2019-2020-жылдарга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү болжолун түзүү үчүн өндүрүштүн кошумча резервдерин жана ресурстарын табуу милдеттендирилди.

Ошондой эле өкмөт башчы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек автожол», Чүй облусунун Панфилов районундагы «Чалдыбар автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын чыгышына санариптик видео байкоо системасын жана динамикалык таразаларды орнотууну, андан тышкары Талас облусунун Манас районундагы «Чон-Капка автожол», ошондой эле темир жолдоруна тараза контролдоо системасын орнотуу боюнча иш-чараны тездетүүнү тапшырды.

Тиешелүү мамлекеттик органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте кыйыр салыктарды жыйноо жана Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган товардардын кыймылын токтотуу боюнча иштерди күчөтүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү маселесин ыкчамдатуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий