• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жылдын мыкты мугалимдерин сыйлоо аземи өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Билим берү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу аземге катышты. Аталган иш-чаранын алкагында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты педагогу» республикалык сынак жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өз сөзүндө белгилегендей, республикада бул күн өзгөчө саналат, себеби, коомдо педагогдордун жана мугалимдердин ролу жогору бааланат.

«Жашоодо мугалимге карата жогору талаптар коюлат. Бирок учурда мугалимдер жаңычыл ыкмаларды мыкты өздөштүрүп, кесиптик жактан такшалып гана тим болбостон, коомдо жүрүп жаткан терең өзгөрүүлөрдү сезе билиши керек. Бүгүнкү күнү балдарды өз алдынча ой жүгүртүүгө жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилик алууга үйрөтүү абдан маанилүү саналат. Биздин милдет – өлкөбүздүн татыктуу жараны болуусу үчүн аларга колдоо көрсөтүү», – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын президентинини «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий