• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик бажы кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы салык жана бажы кызматтарынын иши ажырагыс байланышта экендигин белгиледи.

«Эки кызматтын статистикалык маалыматтары дал келе баштады, учурда айырмачылыктар анча чоң эмес. Мурда фискалдык орган тарабынан берилген маалыматтар бажы кызматынын көрсөткүчтөрүнөн айырмаланып келген. Бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча көп иштер жасалды, азыр биз республиканын ичиндеги товарлардын кыймылын «көрүп жатабыз», товар агымына көзөмөл пайда болду», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 2022-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы сооданын көлөмү 10,5 млрд АКШ долларын түзүп, 140,4%га өскөнүн кошумчалады.

«Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 4,1 млрд сомго, же 136,2%га өстү. Экспорт 2 млрд АКШ долларын, же 77,6%ды түздү, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө соода жүгүртүү 1,3 млрд АКШ долларына, же 187,9%га өскөн. Импорттун көлөмү -8,5 млрд АКШ долларын, же 173,4%ды түздү. 2023-жылга карата бажы төлөмдөрүн чогултуу планы 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилген», - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, план аткарылбагандыгы үчүн катуу чаралар көрүлөт.

«Быйыл план боюнча түзөтүүлөр болбойт. Тышкы жана ички факторлорго карабастан, биз консолидацияланган бюджеттин ресурстарын 503 млрд сомго жеткиребиз. Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борбору күнү-түнү 24 саат бою реалдуу режимде иштейт, биз кырдаалга көз салып турабыз. Аткарылбаган план үчүн жетекчилик эле эмес, анын орун басарлары, бөлүм башчылары дагы башка бөлүмгө которууга укугу жок кызматтан алынат», - деди Акылбек Жапаров.

Коллегиянын ишинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы төмөнкүлөрдү тапшырды:

⁃ санариптик бажы системасын түзүү;

⁃ бардык бажы процесстерин оперативдүү башкарууну жана реалдуу убакыт режиминде бажы кызматынын ачыктыгын камсыз кылуу;

⁃ эл аралык соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча ишти күчөтүү;

⁃ импорттун жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу;

⁃ Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүдө жалган декларациялоо боюнча иштерди күчөтүү.

«Бажы кызматы акыркы 30 жылда алгач ирет 100 млрд сомдун чегинен чыгаарына ишенем», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий