• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы каракчылыкка шектелген 5 жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы каракчылыкка шектелген 5 жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-декабрь күнү саат 22:00 чамаларда Базар-Коргон районунун 20 жана 19 жаштагы 4 тургуну Жалал-Абад шаарындагы боулинг ойноочу жайында ойноп жатканда ошол жерди иштеткен “Сыймык” аттуу бала 4 шериги менен ур-тепкиге алып, бычак такап коркутушуп, жалпы баасы 50 миң сомдук 3 телефон, 2400 сом накталай акчасын жана спорттук кийимин карактап алып коюшкан.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБге КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Облустук милициянын Экстремизмге жана мызаймсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Базар-Коргон районунун 5 тургуну кармалган. Алар Талды-Булак айыл аймагынын тургундары 2000-жылы туулган Т.К., 2003-жылы туулган С.К., 2005-жылы туулган М.М., М.С. жана Акман айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулган М.Б. экендиги такталып, далил буюмдар алынган.

Шектүүлөр 2023-жылдын 13-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий