• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда эки жашар кызын сабаган аял бир айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23./Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган аял бир айлык мөөнөткө камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 1-февралда райондук сот чыгарган.

Наристесин сабаган аял 2023-жылдын 1-мартына чейин СИЗО-53тө болот.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы А.Х. аттуу 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий