• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир жумада 15 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жумада 14 миң 546 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖКККББ кызматкерлери жол кырсыктарын аныктоо максатында республика аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат.

Аныкталган эреже бузуулардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2008;

- тиешелүү документтери жок унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 165;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4392;

- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 48;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 4;

- мамлекеттик номери жок – 12;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 9;

- Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу же аларды жок кылуу же болбосо жалган жасоо – 2;

- автоээнбаштык – 6;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 103;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 123;

- кооптуу жүк ташуу эрежелерин бузуу – 56;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 6849;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 56;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 200. Ал эми 730 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий