• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Алгач долбоор 150 млн. долларга бааланган – Феликс Кулов

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Суракка Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Феликс Кулов чакырылган.

Анын айтуусу боюнча, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси көтөрүлгөндө ал парламентте депутат болгон.

“Алгач долбоор 150 млн. долларга бааланган. Биринчилерден болуп СМЕС компаниясы кайрылып, кийин ТВЕА келген. Кийинчерээк, кытай тарап ТВЕА компаниясын сунуштап, эртерээк келишимге кол коюп, ратификациядан өткөрүү керек экендиги айтылган. Мындай тездетүү бизде практикада болгон. Бул жерде да тез арада каралып, ратификациядан өткөрүлгөн”, - дейт Кулов.

Анын айтуусу боюнча, 100 мВт болжол менен 1,5-2 млн. доллар болушу мүмкүн, ошол себептен 150 млн. долларды алар оптималдуу баа деп эсептешкен.

“Кийин биз 386 млн. долларды укканда, биз адегенде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) түзүү керек деп ойлодук. Ал арзан эмес. Биз долбоордун так баасы ратификациядан кийин белгиленет деп ойлодук. Бааны түшүрүү – бул кадимкидей эле көрүнүш, жумушчу талкуу, ошол себептен мен ал аткарылышы керек деп ойлодум”, - дейт Кулов.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий