• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандык коргоо калктын өмүрүн өзгөчө кырдаалдардан сактоо болуп саналат - Жеңиш Разаков

Өкмөт 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Жарандык коргоо системасынын негизги милдеттеринин бири – калктын өмүрүн өзгөчө кырдаалдардан жана техногендик кырсыктардан коргоо болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоо системасынын курамынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Кеңешмеде 2016-жылдагы өлкөнүн жарандык коргоо системасынын курамынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарылды. Ошондой эле 2017-жылга жарандык коргоо мамлекеттик системасынын келечек пландары, алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууга даярдыктар кароого алынды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жарандык коргоо тармагындагы өткөрүлгөн иш чараларды уюштуруу маселелерин маанилүүлүгүнө токтолуп, өзгөчө кырдаалдар учурунда абалды өз убагында жөнгө салууда жетекчиликтин жана өлкөнүн жарандык коргоо системасынын башкаруу органдарынын командалык курамынын даярдыгы башкы ролду ойнойт. Ал билдиргендей, өзгөчө кыраалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери жана техногендик кырсыктарга болгон кош көңүл мамилелер мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Аны менен бирге өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана адам өмүрүн алган кырсыктарды кыскартуу үчүн калкты өзгөчө кырдаалдарда коргоо боюнча окутуу ыкмасы дагы негизги формалардын бири жкендигин эске салды.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымдагандай, 2016-жылы республиканын аймагында жаратылыш процесстери кооптуу делген 2972 жайда иликтөө жүргүзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө өлкө аймактарында жаратылыш процесстери активдүү болгон кооптуу жерлерде мониторинг жүргүзүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, 2017-жылы жер көчкү, сел жана суу ташкындоосу процесстеринин активдүүлүгү күтүлүүдө», – деп билдирди Калыс Ахматов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө ӨКМ караштуу Жарандарды коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдыктан өткөрүү борборунун педагогдору 31 755 адамды окуудан өткөрдү.

Соңунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков министрликтердин жетекчилигине, ведомстволордун жана Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактарда 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоого даярдыктар планын ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий