• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5-март Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү

Коом 0

Бишкек, 5-март /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта, Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу азем өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева судьяларды жана аппарат кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөбүздө сот реформасынын алкагында акыркы жылдарда сот тутумуна мурда болуп көрбөгөндөй көңүл бурулуп жаткандыгына токтолду.Республикабызда укуктун үстөмдүгүн орнотуу максатында, демократиялык өлкө катары калыптандырууда көптөгөн жаңы кодекстер, мыйзамдар иштелип чыгып кабыл алынгандыгын, ошондой эле судьялардын корпусу жаңылангандыгын белгиледи.

Төрайым кесиптик майрамга карата судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин сыйлоо менен бирге, юридика илиминин кандидаты болушу менен Жогорку соттун судьясы Г. Калиеваны да куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Сот тутумунун I даражадагы мыктысы” медалы менен Бишкек шаардык сотунун судьясы С. Крицкая сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Сот тутумунун II даражадагы мыктысы” медалдары менен Жогорку соттун судьялары Л. Темирбеков, Н. Сатыбалдиева, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы А. Таштемиров, Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары М. Ибраимов, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ч. Садырова сыйланышты.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы” менен Тогуз-Торо райондук сотунун бөлүм башчысы Н. Төлөмүшов, Аламүдүн райондук сотунун бөлүм башчысы Т. Таджибаева, Жети-Өгүз райондук сотунун бөлүм башчысы В. Захарова, Нарын облустук сотунун бөлүм башчысы С. Мамырбаева сыйланышты.

Ак ниет жана кынтыксыз эмгек, жогорку кесиптик чеберчилик, жигердүү иш алып баргандыгы жана сот тутумунун кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын кеңешчиси К. Акыевге, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын ишин камсыздоо бөлүмүнүн консультанты А. Шамурзаевага, соттук отурумдардын жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн улук референти Э. Дуйшеновага профсоюздук комитеттин Ардак грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бүгүнкү сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Ж. Исакулов куттуктап, төмөндөгүлөргө сыйлыктарын тапшырды:

КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы А. Токтошеваны, КР Жогорку сотунун аппаратынын консультанты А. Мамакеевди, сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын начальниги К. Капаловду Премьер-министрдин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлады.

Премьер-министрдин атынан төмөндөгүлөргө алкыш жарыяланды:

КР Жогорку сотунун Төрайымынын жардамчысы А. Нурбеков, КР Жогорку сотунун аппаратынын бөлүм башчысы А. Нурмаматов, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун консультанты Э. Музукеева, Талас райондук сотунун бөлүм башчысы Н. Арзыбаева, КР Жогорку сотунун аппаратынын референти И. Давлетярова, КР Жогорку сотунун аппаратынын улук референти А. Кенжетаева, КР Жогорку сотунун аппаратынын иш кагаздарын алып баруучусу О. Бикмухаметова.

Бүгүнкү аземге КР Башкы прокуратурасынан Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова келди. Л. Усманова КР Башкы прокурору И. Жолдубаеванын атынан жалпы сот тутумунун кызматкерлерин куттуктап, “Өз аракеттенишүү жана кызматташтык үчүн” медалы менен КР Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаеваны, Жогорку соттун Төрайымынын орун басарлары К. Эсенкановду, А. Базаралиеваны жана Бишкек шаардык сотунун төрайымы И. Воронцованы сыйлады.

Мындан тышкары, “Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” 1-даражадагы төш белги менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрайымы А. Сатарова, Ош шаардык сотунун төрагасы Н. Атаназаров, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Ч. Адамкулов жана Н. Эсенбаев жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялары Э. Каипов менен А. Боромбаевдер сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары (финансы полициясы) менен активдүү жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкеринин күнү майрамынын урматына “Биримдик” медалы менен КР Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаева, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрайымы А. Сатарова сыйланышты.

Ошондой эле, аталган кызматтын Ардак грамоталары менен Чүй облустук сотунун төрагасы К. Джунушпаев, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы М. Сарыев, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьялары И. Иманбеков жана У. Суранчиевдер сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий