• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Asia Mall” соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Бишкектеги “Asia Mall” соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ленин районунундагы Ч. Айтматов №3 дарегинде жайгашкан “Asia Mall” соода борборунун чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 автошаты, штаб жана ыкчам топ тартылган.

Такталган маалымат боюнча, соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан тамактануучу жайдагы түтүн чыгуучу жери түтөгөн жана коопсуздук кызматы тарабынан соода борбордогу бардык жарандар өз убагында эвакуацияланган, жабыркагандар жок.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттеринен 17:28 өрт чектөөгө алынып, саат 18:00 толук өчүрүлдү.

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий