• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Алтын-Ордо конушунда 8 жашар бала каналга түшүп кетип каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Алтын-Ордо конушунда 8 жаштагы бала каналга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минристрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Алтын-Ордо конушундагы Кадырбай-Ата көчөсүндө каналга (быстроток) 2014-жылы туулган Н.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланын жансыз денесин Калинин жана Набережная көчөлөрүнүн кесилишинде суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий