• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кампадан өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 06:54төн тарта жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 08:02де чектөөгө алынган.

Мындан тышкары, учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана райондук электр тармактарынан 1 бригада жеринде иштеп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий