• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бодо малдар агып, чарба иштерине зыян келди. Лейлейтеги селдин кесепеттери

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда бүгүн, 4-майда сел жүрдү,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сел Лейлек айыл аймагындагы Чарбак-Сай жана Патан-Сай тилкелеринде жүрүп, 1,5 чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерин каптаган. Анын кесепетинен аталган ички чарбалык жолдордо унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган.

“Бүгүн саат 17:00 чамасында кайрадан сел жүрүп 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап, 4 баш бодо малды агызып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн офицери, райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жок.

Пикир

Оставить комментарий