• 88.68
  • 95
  • 0.95

Байсалов Элдик дипломатия форумунун жана ШКУнун боордош шаарларынын форумунун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Циндао шаарында өтүп жаткан Элдик дипломатия форумунун жана ШКУнун боордош шаарларынын форумунун ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде Эдил Байсалов өз сөзүндө азыркы замандын чакырыктарына биргелешип жооп кайтарууда элдик дипломатия маанилүү роль ойноорун белгиледи.

“Биз туш болгон кыйынчылыктар барган сайын глобалдуу болуп жаткан мезгилде жашап жатабыз. Климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук, терроризмге каршы күрөш жана коопсуздук көйгөйлөрү бизден кызматташуубузду күчөтүүнү жана биргелешип чечүү жолдорун издөөнү талап кылат. Ал эми ушундай учурларда ШКУда бизди бириктирип турган принциптерге: өз ара пайдалуу кызматташууга, мамлекеттерибиздин эгемендүүлүгүн жана кол тийбестигин урматтоого, ошондой эле өз ара ишенимге жана түшүнүүгө кайрылуу маанилүү. Элдик дипломатия форуму жана Боордош шаарлардын форуму бизге бул маселелерди талкуулоого жана биздин элдерибизди кызыктырган суроолоруна жооп табууга мүмкүндүк берет”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.


Маалымат үчүн: Шаньдун провинциясы Кытайдын чыгышында жайгашкан. Калкынын саны 101 527 453 адамдан ашат. Ушул жылдын майында Кыргыз Республикасынын Президенти Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Парткомунун катчысы Линь У менен жолуккан.

Пикир

Оставить комментарий