• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда аз камсыз болгон жана майыптуулугу бар 100 балага оюн-зоок уюштурулуп, белек берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы «Азия» маркетинин 2-кабатында балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балдар аянтчасы жеке ишкер Нодиржон Рустамжанов тарабынан ачылып, аземге Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, эл өкүлү Нуртилек Болотов катышты.

Иш-чаранын алкагында эл өкүлү Нуртилек Болотов кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, анда шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган 6 жаштан 12 жашка чейинки аз камсыз болгон, майыптуулугу бар, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн 100гө жакын балдары акысыз ойнотулуп, тамак-аш жана белектер берилди.

Белгилей кетсек, мындай кайрымдуулук иш-чаралары шаардык кеңештин депутаттары тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий