• 88.68
  • 95
  • 0.95

16-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4...+1, Талас облусунда 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2...+3, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда -5...-10 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы -5...-7 градус суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий