• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаардык соту 3 адамдын өлүмүнө шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкеринин өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи инстанциянын өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды.

Буга чейин А.Ч.К. Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2023-жылдын февралында үч адамды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаранды кармашкан.

А.Ч.К. 2006-жылдан тарта 2021-жылга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөгөн.

Пикир

Оставить комментарий