• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катуу сүйлөп, экспонаттарды кол менен кармоого болбойт! Музейде жүрүү эрежесин билесизби?

Маданият 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандардын эсине музейде өзүн алып жүрүү эрежелерин эскертти.

Ведомстводон музейге кирүү кийим илгичтен башталарын эске салып, анда тыш кийимдерди гана эмес, көлөмдүү сумка, баштыктарды, кол чатырды да калтыруу кажеттиги айтылат.

Маданий жайдын ичинде чылым тартууга, суу, тамак-аш, балмуздак, сагыз ж.б. алып кирүүгө тыюу салынат.

"Музей менен таанышууда көргөзмөнүн белгилүү бир бөлмөсүн же бир бөлүгүн тандаңыз. Мындай жол менен сиз керектүү маалыматты таап, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала аласыз. Экскурсоводдун айткандарын кунт коюп угууга аракет кылыңыз", - дешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Ошондой эле музейде өзүн тынч алып жүрүү жана башкаларга тоскоолдук кылбоо керек. Эгер кимдир бирөө искусство чыгармасынын жанында турган болсо, ага тоскоолдук кылбаңыз.

Катуу сүйлөбөңүз. Катуу күлүү да кабыл алынбайт. Сиз кызыкпаган нерсеге башка бирөө абдан маани берип карап жатышы мүмкүн.

Министрлик музейде сын айтуудан да этият болуу керектигин эскертет. "Көркөм чыгарманы шылдыңдоо-этикага жатпайт. Ооба, көргөзмөдөгү буюмдар түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок чыныгы искусство сүйүүчүсү чыгармаларга болгон мамилесин сындоо,шылдыңдоо аркылуу билдирбейт. Эгерде сизде суроолор пайда болсо, жаныңыздагы адамды алаксытып суроо бербестен, музейдин адисине кайрылыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Айтмакчы, суроону экскурсоводдун сөзүн бөлбөй, аягында берүү керек. Топтун жетекчилери жана мүчөлөрү экскурсия учурунда коопсуздук жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого милдеттүү.

Ошондой эле төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  • музейдеги экспонаттарды кол менен кармоого болотй;
  • спирт ичимдиктерин ичип кирүүгө тыюу салынаты;
  • тамеки тартууга, суу, тамак-аш, балмуздак жана сагыз ж.б. алып келүүгө;
  • жаныбарларын алып кирүүгө;
  • уюлдук телефондун үнүн чыгарууга;
  • жарык бергич менен сүрөт тартууга дегеле, уруксатсыз фотосессия кылууга;
  • уруксатсыз коммерциялык, жарнамалык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
  • курал-жарактын жана пиротехникалык каражаттардын бардык түрлөрүн, газ баллондорун, косметикалык спрейлерди алып жүрүүгө;
  • орнотулган тосмолордон өтүүгө;
  • музейдин айланасын булгоого, таштанды таштоого;
  • музейде ролик, самокат жана ушул сыяктуу каражаттарды колдонууга болбойт!

Пикир

Оставить комментарий