• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иманалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйынына катышты

Маданият 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда видеоконференция форматында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин он сегизинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумга Индиянын мамлекеттик маданият министри Аржун Рам Мегвал, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Кытайдын маданият жана туризм министринин орун басары Чжан Сюу, Пакистандын Улуттук мурас жана маданият министри Шафкат Махмуд, Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова, Тажикстандын маданият министри Давлатзода Зульфия Давлат жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жана ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов катышты.

Отурумга Кыргызстандан КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, сөз сүйлөдү.

ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлери достук мамиле жана өз ара түшүнүшүү менен, ШКУнун алкагында маданият тармагындагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, ШКУ өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, 2007-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында өткөн Маданият министрлеринин жыйынындагы макулдашуулар тууралуу маалымат угулду.

Тараптар Уюмдун алкагында көп тараптуу жана эки тараптуу маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү колдоп, өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоого, бири-бирин урматтоого жана ШКУ мейкиндигинде жашаган элдердин салттары жана үрп-адаттары жөнүндө кеңири маалымдоого жана сыйлоо ниеттерин билдиришти.

Ошондой эле жыйында ШКУнун байкоочу мамлекеттери жана диалог боюнча өнөктөштөр менен маданият жаатында өз ара аракеттенүүнү түзүүгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезектеги жыйыны 2022-жылы Өзбекстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий