• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Улуттук салттуу музыка күндөрүнө арналган иш-чаралар эл аралык деңгээлде өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Ушул жылдын 22 – 25-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүп жаткан Улуттук салттуу музыка күндөрүн өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3022-V токтомунун аткарылышы талкууланган жыйын вице-спикер Мирлан Бакировдун жетекчилиги астында өттү. Илим, маданият жана маалымат чөйрөсүнүн, өкмөттүн, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, ЖК депутаттары катышкан жыйында Эл аралык деңгээлде өтүүсү күтүлүп жаткан иш чарага даярдыктар талкууланды. Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин маалыматы угулган соң, салттуу музыканын нукуралыгын сактоо, жайылтуу боюнча кошумча сунуштар айтылып, жаңыча ойлор ортого салынды.

Депутаттар Садык Шер-Нияз, К.Иманалиев, Р. Туманбаева, Р. Момбеков, К.Жумалиев өлкө тарыхында биринчи жолу өтүп жаткан иш- чарага мамлекет тарабынан жеткиликтүү колдоо көрсөтүлүшү зарыл экендигин баса белгилешип, жооптуу тараптарды милдеттерин так аткаркарууга үндөштү.

«Өлкө тарыхында биринчи жолу Улуттук салттуу музыканы даңазалаган бул майрам кыргыз маданиятынын брендине айланып калуусуна жетишишибиз керек», - деген депутат Каныбек Иманалиев, аталган иш-чараны эл аралык деңгээлде өткөрүүгө бел байлап, демилге көтөргөн Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманованын эмгегин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий