• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Ак илбирс» кино сыйлыгы: Арыздарды кабыл алуу аяктады

Маданият 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. «Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу «Ак илбирс» кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Сынакка жалпы 40 тасма келип түшкөн. Келип түшкөн 40 тасманын 9у толук метраждуу, 18и кыска метраждуу жана 13ү даректүү тасма. Учурда эксперттик комиссия сыйлыкка талапкерлердин кыска тизмесин тандоого киришкен.

Сыйлыкты тапшыруу иш-чарасы «Манас» кинотеатрында 25-апрель күнү болуп өтөт.

Сыйлык 18 номинация боюнча берилет:

1. «Мыкты тасма»;

2. «Мыкты режиссер»;

3. «Мыкты сценарий»;

4. «Мыкты оператор»;

5. «Мыкты сүрөтчү»;

6. «Мыкты композитор»;

7. «Мыкты үн режиссеру»;

8. «Мыкты монтаж»;

9. «Мыкты эркек ролу»;

10. «Мыкты аял ролу»;

11. «Мыкты даректүү тасма»;

12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;

13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;

14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;

17. «Борбор Азиянын мыкты актеру»;

18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».

Пикир

Оставить комментарий