• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыгына кошумча акы чегерилди

Билим 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Аттестациядан өткөн мугалимдердин айлыгына кошумча акы чегерилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик мугалимдерди аттестациялоонун жаңы системасын сыноодон өткөрдү. Максаты - квалификациялык категорияларды ыйгаруу аркылуу педагогдордун чеберчилигин арттырып, кесиптик жана инсандык өсүүсүнө өбөлгө түзүү.

Апробация өлкө аймактарындагы инновациялык 30 мектепте өткөрүлдү. Аттестациялык комиссиялар мугалимдерди ачык-айкын жана комплекстүү түрдө баалап жатышты.

Сыноонун жыйынтыгында инновациялык мектептердин 500дөн ашык мугалими аттестациядан ийгиликтүү өттү. Аларга жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар берилди.

2020-жылдын 1-январынан тарта КРнын Өкмөтүнүн "Жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин квалификациялык категориясына кошумча акы чегерүү тууралуу" токтому күчүнө кирген. Документ квалификациялык категория үчүн мугалимдердин айлыгына ай сайын кошумча акынын көлөмүн аныктайт.

Токтомго негизделип, аттестациядан өткөн мугалимдердин маянасына 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин кошумча акы чегерилди.

2020-жылдын октябрынан тарта өлкөдөгү башка мектептердин мугалимдери да квалификациялык категорияны алуу үчүн өз эрки менен аттестациядан өтө алышат. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнө аттестациялоо процедуралары, инструменттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий