• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министр Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүздөгү билим берүү уюмдарына барды

Билим 0

Бишкек, 30.10.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 28-29-октябрь күндөрү Жети-Өгүз районундагы билим берүү уюмдарын кыдырды.

Ведомстводон билдиришкендей, атап айтканда министр Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылындагы Ж.Байболотов атындагы мектепке жана "Умай эне" балдар бакчасына, Оргочор айылындагы М.Тынаев атындагы жалпы билим берүүчү мектепке, Ак-Кочкор айылындагы О.Эсенканов атындагы негизги билим берүү мектепке, Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы жалпы билим берүү мектепке жана ушул эле айылдагы "Арча", "Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышып, кыш мезгилине даярдыктарын көрүп, айрым маселелерди чечүү жолдорун карады.

Буга кошумча министр Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди ата-энелер менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий