• 88.68
  • 95
  • 0.95

Режиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлыкты күн мурун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус тапшырды.

Элчи өз сөзүндө режиссёрдун чыгармачылыгы менен таанышы бар экенин, ошондой эле Актан Арым Кубаттын тасмалары Франциянын кино театрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачлыкка берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземине көрүнүктүү кино режиссёрлор, маданият ишмерлери, элчиликтин өкүлдөрү жана кадырлуу коноктор катышты.


Эске салсак, аталган даражалуу сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкондорго ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана инсандарга ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссёру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий