• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу аймактарда кар жаайт. 27-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл облустарында +10...+15, Талас облусунда +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +15...+20, Баткен облусунда +14...+19, Нарында +11...+16 градус жылуу болот. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы борбор шаарда +13...+15, Ошто +18...+20 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий