• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги үч адамдын өлүмү. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бишкектеги үч адамдын өлүмүнө шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери А.Ч.К. (Чынтемир Аширалиев) өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Ошондой эле соттун өкүмүнө ылайык, А.Ч.К. жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 3 миллион сом жана материалдык чыгым үчүн 670 миң сом төлөп бермей болду.

Эскерте кетсек, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаранды кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий