• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Нарын мамлекеттик университетинин бир катар жетекчилерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери 6 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргузүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө НМУнун жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, песпубликанын башка аймактарынан келген белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизүү жолу менен алардын атына катталган банктык карталарга узак убакыт бою (2016-жылдан азыркы учурга чейин) эмгек акылары мыйзамсыз чегерилип келгени аныкталып, алар иш жүзүндө университеттин айрым кызматкерлери тарабынан пайдаланылган.

Суракка алынган илимдин кандидаттары жана докторлору университет менен эч кандай жумуш үстүндө мамилелери болбогондугун жана аталган окуу жайда окутуучулук жана башка иш-аракеттерди жүргүзбөгөндүгүн (анын ичинде активдүү эмес окуу жүктөмдөрү үчүн), ошондой эле эмгек акы албаганын белгилешти.

ЖОЖдун магистратурасынын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү (азыр билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ЖӨБОнун башчылары ж.б.) өздөрүнүн диссертацияларынын темасын жана илимий жетекчилеринин аттарын атай алышпайт, ал эми алардын айрымдары бүтүрүү иштерин акчалай сыйлык менен коргоону оң чечим катары көрсөтүшкөн.

Ошондой эле мазмуну окшош бир диссертациялык ишти кайра-кайра колдонуу фактылары аныкталып, мында илимий жетекчи катары ар башка профессорлор көрсөтүлгөн. Кээ бир учурларда акчалай төлөмдөрдү жогорулатуу максатында илимий-изилдөө иштерин башкаруу үчүн окуу жүктөмдөрү (курстук, магистратура ж.б.) КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген ченемдерден тышкары бөлүштүрүлгөн.

Окуу жайдын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске албастан, студенттердин санын көбөйтүү максатында университеттин айрым структуралык бөлүмдөрүн кайра түзүү, билим сапатына зыян келтирип, алардын жетекчилерин жеке материалдык жактан байытуу максатын көздөгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар системалуу мүнөзгө ээ болуп, узак убакыт бою ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын байкабастыгында болуп келген.

Окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бөлүнгөн жана өздөштүрүлгөн каражаттын алдын ала суммасы 6 миллион сомго жакынды түзөт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.Т.М., Б.М.А., Б.Э. М. жана Ж.А.С. кармалып, УКЖга камакка алынды, ал эми ЖОЖдун башка кызматкерлеринин көрсөтүлгөн тартип бузууларга катыштыгы болушу мүмкүндүгүн аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий