• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы жана банк кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринен ишкер 40 млн сомдук зыян тарткан – Башкы прокуратура

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бажы жана коммерциялык банк кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттеринен ишкер 40 млн сомдук зыян тарткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "М" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусу боюнча башкы көзөмөл органы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер аныкталды.

2018-жылы “М” ЖЧКсы банк аркылуу 40 миллион сомду “Ташылуучу бажы төлөмдөрү” катары Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которгон. Бирок коммерциялык банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам көрсөтүлгөн сумманы башка эсепке "Ташылуучу товарларга кошумча нарк салыгы" катары которуп жиберип, “М” ЖЧКсына жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

Андан кийин, 2018-жылы аталган ЖЧК тарабынан товарлар бажы аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташылып, документтерди көзөмөлдөөгө жооптуу бажы кызматкерлери тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын одоно бузушуп, аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес.

Мындан тышкары, бажы кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуп, 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтаруу боюнча милдеттерин аткарбай, “М” ЖЧКсы менен бажы органынын ортосунда ай сайын текшерүүнү жүргүзбөй келишкен.

Ошол эле учурда, бажы органы 2021-жылдын мартында "М" ЖЧКсына карата негизсиз туум чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары бузулган.

Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320 ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 233 ("коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 359-беренелери ("документтерди жасалмалоо") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий