• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Милан” “Ювентусту” утуп, Чемпиондор лигасына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратты

Спорт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 35-турунда “Милан” менен “Ювентус” командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Беттеш 3:0 эсебинде “Миландын” жеңиши менен аяктады.

Мындан улам “Милан” 72 упай менен турнирдик тизменин үчүнчү сабына чыкты, ал эми “Ювентус” 69 упайы менен бешинчи сапка түштү. Бирок алдыда дагы 3 оюн бар. Ал оюндарда туриндик клуб жеңишти камсыздап, Чемпиондор лигасына чыга алат.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасына чемпионаттын алдыңкы 4 командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий