• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык АКШдагы эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 03.04.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Самат Надырбек уулу АКШда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти.

Bill Farrell Memorial International Open 2018 турнири Нью-Йоркто 30-марттан 1-апрелге чейин грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер жана аялдар арасында өткөн.

Надырбек уулу “Питтсбург” клубдун атынан эркин күрөш боюнча 57 кг салмактык категория боюнча мелдешке чыккан.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Надырбек уулу Дейв Шульцтун (“Dave Schultz Memorial International”) турниринде алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий