• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бильярд боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мелдеш 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.

Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчүкулак кармоо менен 4 тайпага бөлүнүп оюн курушту.

Жыйынтыгында чемпионаттын баш байгесин колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Самат Кадыров багындырып, диплом жана он миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ал эми 2-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Мирлан Кадыров, 3-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Жакыпжан Мамажанов жана 4-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиев ээледи.

Жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий