• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен 1-марттан 1-июнга чейин көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда облус аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иш-аракеттери колго алынмакчы. Ага катар дарак көчөттөрүн отургузуу, коомдук жайларды, жол жээктерин таштандылардан арылтуу, негизги жана ички сел каналдарды тазалоо жумуштары милдеттендирилген.

Белгиленгендей, үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган штаб түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий