• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.03.24./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар:

  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси),
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) .

ӨКМден жолдор тайгак болуп, муз тоңорун баса белгилешип, айдоочулардын эсине унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий