• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

4-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.03.24./Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын ыктымалдыгы аз.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы Чүй облусунда күндүз -2…+3 градус, Таласта облусунда -4…+1 градус, Ысык-Көл облусунда -3…+2 жана Нарында күндүз -1…-6 суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Ош облустарында күндүзгү абанын температурасы +2…+7 жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз термометрдин көрсөткүчү + 2 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий