• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында облустук балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.24./Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулушу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган оорукананын имаратынын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.

«Президентибиз Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен Жалал-Абад облусунда көп жылдар каржы ресурстарынын жетишсиздигинен бүтпөй турган саламаттык сактоо уюмдарынын бир катар объектилеринин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн биз облустук балдар ооруканасынын имаратынын ачылышына күбө болдук, анда Жалал-Абад облусунун бардык райондорунан келген балдар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышат. Жалал-Абад облусунун калкынын саны 1 млн 300 миң адамды түзсө, алардын 48 миң 786сын 14 жашка чейинки балдар түзөт, бул калктын 33,7%ын түзөт. Бул заманбап имарат жана медициналык жабдуулар балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң жардам берет деп ишенем», - деди министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев «Ассанабил» коомдук кайрымдуулук фондуна жана Абдуллатиф Абдулазиз Юсуф Алмузаининге адистештирилген балдар ооруканасын куруп, бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм болот.

Пикир

Оставить комментарий