• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда 10 миң орунга эсептелген мектеп имараттарын куруу пландалууда – Каримжанов

Коом 0


Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 10 миң орунга эсептелген мектеп имараттарын куруу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

Ал белгилегендей, былтыр өлкөдө 139 мектептин жана 29 бала бакчанын курулуш иштери жүргүзүлгөн. Анын ичинен 39 мектептин жана 2 бала бакчанын курулуш иштери аяктап, колдонууга берилген.

"Андан тышкары былтыр Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектептин курулушуна 285 сом каралган. Өткөн жылы Орок айылында 500 орундуу мектеп жана Бишкек шаарында №12 мектепте курулуш иштери башталган. Азыркы тапта калган мектептерде да иштер башталды", - деп, ал мектептердин айрымдарынын имараты ушул жылдын 1-сентябрына карата, калгандары жыл аягына чейин пайдаланууга берилерин айтып өттү.

Анын айтымында, 15 мектептин жетөө Бишкекте, экөө Аламүдүн районунда, бирөө Ысык-Атада, төртөө Сокулукта жана бирөө Ош шаарында курулуп жатат. Курулуп жаткан имараттар мурда тургузулган мектептердин аймагында кошумча корпус катары салынууда.

"Былтыркы жылы пайдаланууга берилген мектептердин эсеби менен 10 миңден ашык орун түзүлдү. Быйыл да ошончо орун түзүү пландалып жатат", - деди ал.

Ошондой эле Каримжанов белгилегендей, быйыл республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулуш объектилерине, капиталдык оңдоо иштерине, таза суу менен камсыз кылуу объекттерине 1 млрд 400 млн сом каралууда.

"Анын ичинен 250 млн сомду таза суу менен камсыз кылуу объекттерине, 150 млн сомду капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлө турган объекттерге, 1 млрд сомду курулуш объекттерине жумшоо пландалууда", - деди ал.

Курулуш объекттерине каралып жаткан 1 млрд сомдун канчасы мектеп жана бала бакчага жумшалары азырынча тактала элек. Бирок, ал каражаттын бир бөлүгү биринчи кезекте авариялык мектеп, курулушу 60-70%га аяктап калган мектептерди бүткөрүүгө жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий