• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Дордой" базарынын аймагында бомба изделүүдө – милиция

Коом 0


Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясына "Дордой" базарынын аймагындагы "Алкан" базарында бомба изделүүдө.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бомба тууралуу маалымат бүгүн саат 09:55те "102" кызматына түшкөн.

Маалымат алынгандан кийин дароо Свердлов райондук ыкчам-издөө тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Учурда аталган аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Азыркы учурда ал жерде Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий