• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин башкы жана деталдуу планын иштеп чыга турган мекеме түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бишкекте башкы жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Курулуш жана башка эрежелерин бузуу фактылары көп. Биз азыр "Бишкекгенплан" ишканасын түздүк, ал деталдуу пландаштыруу долбоорун, башкы планды жана башка шаар куруу документтерин иштеп чыгуу менен алектенет", - деди мэр.

Ошондой эле шаар башчысы муниципалитеттин борбордогу курулуштун сапатын көзөмөлдөө укугу жок экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий