• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы: Материалдык каражаттар жана азык-түлүк жетишсиз деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 09.10.22./Кабар/. КР УКМК Чек ара кызматы чек ара тарамдарында материалдык каражаттар жана азык-түлүктөр жетишпейт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт.

2022-жылдын 8-октябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара тарамдары жана өткөрүү жайлары камсыздоо талаптарына ылайык, 100% бардык материалдык каражаттар менен камсыз болгон.

КР УКМК ЧКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы толугу менен кийим-кече мүлкү (жайкы, кышкы) жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара заставалары узак мөөнөткө сакталуучу азыктар (ун, ар түрдүү дан азыктары ж.б.) менен 2023-жылдын июнуна чейин камсыз кылынган. Ар бир үч айда тез бузулуп кетүүчү тамак-аштын запасы толукталып турат.

Бардык чек ара заставалар керектүү көлөмдө көмүр, отун менен камсыздалган.

Чек арачылардын бардык керектөөлөр менен камсыздалуу маселеси чек ара ведомствосунун жетекчилигинин көзөмөлүндө туруп, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен өздүк курам камсыздандырылууда.

КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Чек ара тарамдарынын кыш мезгилине даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий