• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жол жээгинде иретсиз соода кылган жарандарга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Ошто жол жээгинде иретсиз соода кылган жарандарга айып салынды, деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жана Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте шаарда сатылып жаткан коон, дарбыздардын коопсуздугу, аларды сатууда санитардык талаптарынын аткарылышы боюнча ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүздү.

Текшерүү учурунда жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар атайын жабдык менен текшерилип, жол эрежелерин бузуп, белгиленбеген жерде майзамсыз соода кылган жарандарга айып пулдар салынып, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында унаа жолдордун жээктериндеги иретсиз соода-сатык, таштандыларды тазалоо, мөмө-жемиштердин сапаты боюнча бир нече рейд жүргүзүлүп, айрым сатуучуларга эскертүүлөр берилген.

Рейд жарандардын катуу ысыкта коон, дарбыздан уулануунун алдын алуу, санитардык абалын жакшыртуу, жол тилкелеринде уруксатсыз сатууга бөгөт коюу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана шаардын көркүн сактоо максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий