• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаманкулов Спорт агенттигин департаментке өзгөртүү маселеси боюнча пикирин билдирди

Коом 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 24-ноябрда спорттун түрлөрү боюнча федерациялардын жетекчилери жана машыктыруучулар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө спорт тармагындагы бир катар маселелер талкууланып, чечүү жолдору сүйлөшүлдү.

Министр өз кезегинде спорт тармагындагы структуралык акыркы өзгөртүүлөр тууралуу айтып, мамлекеттик агенттиктин департамент болуп жаткандыгына токтолду.

Агенттиктин департамент катары өзгөрүүсү ишке тоскоолдук алып келбей тургандыгын жана эч кандай кадрдык кыскартуулар болбой тургандыгын белгилеп, финансылык каржылоо өз алдынча сакталып, максаттуу пайдалануу өз көзөмөлүмдө болот деп белгиледи. Мындай өзгөртүү конституциялык мыйзамдын жана министрлер кабинети тууралуу ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүү максатында болгондугун кошумчалады.

Ошондой эле министр спорт тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулоо жана аны өз убагында чечүү үчүн ар жуманын шаршемби күнү спорт коомчулугу менен жолугушуп туруу чечимин кабыл алгандыгын айтып, ар бир спорт федерациясынын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Азамат Жаманкулов федерация өкүлдөрүнүн сунуш пикирлери менен таанышып, болуп жаткан көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга жана тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында бир катар машыктыруучулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигин жоюп, анын ордуна департамент түзүүгө каршы экендигин билдирип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий