• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Базарбаев Сокулукта сабалган баланын документтерин бүткөрүүнү тездетүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баланын документтерин бүткөрүүнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр аёсуз сабалып, учурда дарыланып жаткан баладан кабар алуу үчүн ооруканага барды.

"Мындай жапайычылык окуя балдардын көйгөйлөрүнө дайыма көңүл буруу керектигин көрсөттү. Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктар, экономикалык кыйынчылыктар балдарга таасир этишине таптакыр жол берилбейт.

Ошондуктан президент жетим жана майыптыгы бар балдарга жөлөк пулдун көлөмүн көбөйттү, интернаттарда тарбиялануучу балдардын тамак-ашына каражатты көбөйттү. Бүгүнкү күндө өлкөдө 110 миңден ашуун адам оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөр бар, анда 360 миңге жакын бала жашайт. Бул үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтөмөндөтүлгөн.

Балдардын укуктарын коргоо боюнча жер-жерлерде айыл башчылар жетектеген комитеттер түзүлүп, анын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, участкалык дарыгер жана социалдык кызматкер кирген. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо үчүн үйлөргө текшерүү жүргүзүлүп турат. 2020-жылдын аягында 476 миң текшерүү жүргүзүлгөн", - деди министр.

Министр баланын документтерин бүткөрүүнү тездетүүнү, ошондой эле балага жана үй-бүлөгө керектүү социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Учурда Сокулук районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү тарабынан баланы жеке коргоо планы жана оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн үй-бүлө менен жекече иш алып баруу планы түзүлгөн.

Ведомство өлкөдө балдарга физикалык, сексуалдык, психологиялык зомбулук көрсөтүү фактыларынын саны өсүп жатканын белгилейт. Үч жылдын ичинде сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30%га өскөнүн жана аймактык социалдык камсыздоо органдарынын жана Ички иштер министрлигинин деңгээлинде аныкталган фактылар боюнча чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий