• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эми Бишкектеги автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт

Коом 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы муниципалдык автобустарга ылдамдыкты чектөө программасы орнотула турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, эми шаардагы автобустардын ылдамдыгы саатына 60 чакырымдан ашпайт.

"Жаңы программа ылдамдыкты гана чектебестен, катуу токтотууну, GPS-трекерин мыйзамсыз өчүрүүнү жана айдоочулардын айдоо ыкмасын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого мажбурлоо максатында кабыл алынууда.

Пикир

Оставить комментарий