• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулук районунун Жангарач айылында спорт комплекс ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын 13-майында Сокулук районуна караштуу Жангарач айылында милициянын полковниги Ишенбек Санжиров атындагы заманбап спорт комплекс ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине КР Эл баатыры Медеткан Шеримкулов, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Дамирбек Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш-чарада Медеткан Шеримкулов сөз сүйлөп, жалпы катышуучулардыспорт комплекстин ачылышы менен куттуктады.

"Мына бүгүн спорт залыбыздын курулушу аяктап, барыбыздын кубанычыбыз чексиз. Спорттук зал айылыбызга эң керек болчу. Мына эми айылыбыздын жаштарына жакшы шарт түзүлдү. Буга чейин ар кайсы жерде өз алдынча машыгып, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрү аракет кылышчу. Мен ойлойм, эми Жангарач айылынын эле эмес бүтүндөй кыргыз элинин намысын коргогон, дүйнө чемпиондору чыгарына ишенем", - деди ал.

Ошондой эле Адылбек Бийбосунов дагы айыл тургундарын куттуктап, милиция кызматкеринин ысымы ыйгарылган спорт залдын ачылышы айыл үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө замандаштары жана кесиптештери Ишенбек Санжировду эскерип, эли үчүн жасаган эмгектерин айтып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий