• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз иштеген жеке медмекемелерди жаба албайт – Мамбетов

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги элге лицензиясыз кызмат көрсөткөн мыйзамсыз медициналык мекемелерди жабуу укугуна ээ эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР саламаттык сактоо ардегерлери ассоциациясынын төрагасынын орун басары, саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымда, мындай чара КР мыйзамында каралган эмес. “Убактылуу медициналык чектөө коюу гана бар, бирок алар жардам бербейт. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн мыйзамга белгилүү бир түзөтүүлөрдү киргизип, бардык жеке медициналык мекемелердин бирдиктүү маалымат базасын түзүшүбүз керек, аны көз карандысыз эл аралык уюм көзөмөлдөй тургандай кылышыбыз керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 11-апрелде мыйзамсыз иштеген клиникаларды аныктоо боюнча Саламаттык сактоо министринин буйругу чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкекте эле Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий